• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боомдо эки унаа кагылышып, 5 адам жабыркады – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. “Volkswagen Passat” жана жүк ташуучу “Mercedes Benz” үлгүсүндөгү эки унаа Боом капчыгайында кагылыша кеткен. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 20-октябрда саат 06:05 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 103-чакырымда катталган.

Жол кырсыгынан жеңил унаанын 3 жүргүнчүсү, оор жүк ташуучу унаанын 2 жүргүнчүсү жабыркаган.

Окуя болгон жерде КР ӨКМнин куткаруучулары кыпчылып калган жабыркагандарды чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий