• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боомдо таштарды кулатуу иштери жүргүзүлүп, жол маал-маалы менен жабылат

Аймак 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында 17-21-октябрь күндөрү жүргүзүлөт.

"Иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Таш кулатуу иштери саат 09:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта жүргүзүлүп, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулуп турат. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат.

Белгилей кетсек, жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий