• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боомдо таштарды кулатуу иштери жүргүзүлүп, жол маал-маалы менен жабылып турат

Аймак 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Боом капчыгайында 16-майдан 20-майга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899-чакырымы) таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

"Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Ал эми 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий