• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боор оорусунун “С” түрүнө чалдыккан 80 оорулуу бекер дарыланат

Ден соолук 0

Бишкек, 28-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Сарык оорусунун “С” түрү менен ооруган 80 кыргыз жараны бекер дарыланат. Жарандардын тизмесин түзүү менен Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн комиссия иш алып барат.

Улуттук госпиталдын гастроэнтерологу Эльвира Экишованын билдиришинче, оорулуулардын тизмеси Бишкектиктердин гана эмес аймактардын тургундарынан дагы түзүлөт.

Жакишева жарандардын 5% сарыкка текшерүү пландалып жатканын билдирди. Бул, аталган оорунун алдын алууга көрүлгөн аракеттердин бири.

“Саламаттыкты сактоо министрлиги бизди колдоду. Бирок, мындай социалдык текшерүүлөр көп каражатты талап кылат. Мындан улам биз кайдыгер карабаган демөөрчүлөрдү издейбиз”,-дейт Жакишева.

Маалыматка ылайык, “А” түрү менен жабыркаган 4840 оорулуу каттоого алынган. Аларды доктурлар эки жылда бир текшерип турат. “С” менен ооругандар 1740 адамды түзөт. Ал эми “В” - 808. В жана D менен жабыркагандар - 3 миң. Учурда текшерүүлөр жүрүп, дары дармектер алынууда.

Пикир

Оставить комментарий