• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Кыргызстандын элин жана президент Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.19. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу: «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эгемен жылдарындагы өнүгүүдө Кыргызстан мамлекеттик курулуш, экономиканы модернизациялоо, калктын бакубатчылыгын жана өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатуу ишинде маанилүү жыйынтыктарга жетишип, ири өзгөрүүлөрдүн жолун басып өттү.

Казакстан Нур-Султан менен Бишкектин өз ара көп кылымдык достугун, жакшы кошуналык мамилелерин жана өз ара аракеттенишүүнүн ишенимдүү мүнөзүн жогору баалайт.

Биздин ачык жана үзгүлтүксүз саясий диалогубуз мындан ары дагы стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара жардам көрсөтүү духунда казак-кыргыз мамилелерин ар тараптуу бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем».

Президент Касым-Жомарт Токаев президент Сооронбай Жээнбековго боордош Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн өзүнүн жооптуу миссиясында ийгиликтерди каалаган.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосу: «Сизди жана боордош кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен Түркмөнстан эли, Өкмөтү жана өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктап, эң жакшы тилектеримди билдиргим келет.

Түркмөнстан Кыргыз Республикасы менен кошуналык карым-катнашка, өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген мамилени жогору баалайт. Түркмөн-кыргыз мамилелери мындан ары да динамикалуу өнүгөт жана боордош өлкөлөр менен элдердин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташуу нугунда бекемделе берет деп ишенем.

Бул жагымдуу жагдайдан пайдаланып, урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизге чын дилимден бекем ден соолук, бакыт жана албан ийгиликтерди каалаймын! Боордош кыргыз элине жылуу куттуктоолорумду, жакшы тилектерим менен бирге тынчтыкты жана гүлдөп өсүүнү каалап кетээримди жеткирип коюуңузду өтүнөм»

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиеевдин куттуктоосу: «Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жылдарында калктын жашоосунун сапатын жана бакубаттуулугун көтөрүүгө багытталган коомдук саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууда олуттуу жыйынтыктарга жетишти.

Өткөн кыска тарыхый мезгилде эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген мезгилде эки тараптуу кызматташтык жаңы сапатуу деңгээлге чыккандыгын канааттануу менен белгилейм. Товар жүгүртүүнүн көлөмү динамикалуу өсүүдө, экономиканын түрдүү чөйрөсүндөгү кооперациялардын масштабы кеңейүүдө.

Чек ара аймактары ортосундагы, ишканалар жана ишкерлик чөйрөдө өнөктөштүк бекем байланыштар орнотулду. Кыргыз-өзбек боордош элдеринин мамилелерин бекемдөөдө маданий-гуманитардык активдүү алмашуу чоң роль ойнойт.

Өзбекстан Республикасы Кыргыз Республикасы менен мындан ары бардык тараптуу жемиштүү кошуналык мамилелерди өнүктүрүүнү бекем карманарын дагы бир ирет ырастайм. Борбордук Азия аймагындагы бардык кызыкчылыктарда биргелешкен аракеттер менен биздин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубатчылыгы стратегиялык өнөктөштүк дараметин натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылабыз».

Президент Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, боордош кыргыз элине тынчтык жана өсүп өнүгүү каалаган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу: «Мага тажик элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана бүт дос Кыргызстан элине улуттук майрам — Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу биздин куттуктоолорубузду жана жылуу каалоо-тилектерибизди багыштоо канааттануу алып келүүдө.

Республикада бүгүн жүргүзүлүп жаткан өлкөнүн экономика тармагында жана коомдук-саясий турмушундагы өзгөрүүлөр оң натыйжаларын берүүдө, бул Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы аброюнун өсүшүнө көмөктөшүп жатат.

Биз кылымдардан берки достук жана жакшы коңшулаштык байланыштырып турган Кыргызстан менен ар тараптуу аракеттенишүүнү өнүктүрүүгө жана мындан ары бекемдөөгө чын ниеттен кызыкдарбыз.

Биргелешкен аракеттер менен биздин конструктивдүү мамилелерибиз мындан да бекемделип, өз ара урматтоо, ишеним, жакшы коңшулаштык жана достук принциптеринин негизинде келечектүү мүнөзгө ээ болуп, элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн бардык максаттарга жетебиз деп ишенем».

Ал Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын дос элине тынчтык жана бакубаттык каалаган.

Пикир

Оставить комментарий