• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Борбор Азия лидерлери кыргыз элин жана президент Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин куттуктоосу: «Чындыгында, бул жаркыраган майрамды чоң шыктануу жана кубаныч, чыдамсыздык жана көксөгөн ой-кыял менен ар дайым күтүп алган эки бир тууган элибиздин жалпы салт-санаасын жана баалуулуктарын байыркы Нооруз өзүнүн кайталангыс көркөмдүгү жана терең маани-маңызы менен ишке ашырат. Соңку жылдардагы бергелешкен иш-аракеттерибиз менен мамлекеттерибиздин ортосундагы ак ниет коңшулук жана стратегиялык шериктештик мамилелерибиз жаңы баскычка көтөрүлгөнүн тааныган шартта сиз менен болгон баарлашуулар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар көп кырдуу жана эки жакка тең пайдалуу кызматташтыкка кызмат кыларын өзүнчө белгилеп айткым келет», — деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, эсенчилик жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу: «Нооруз майрамы өз чөлкөмүнүн жашоочуларынын байыркы жалпы маданий мурасы катары достук, өз ара сый-урмат, ишеним жана тилектештик байланыштарын чыңдап, биздин боордош элдердин көбүрөөк жакындашуусуна кызмат кылат. Биз мындан ары да эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди жана көп кырдуу кызматташууну ырааттуу тереңдетүүгө биргелешип күч-аракеттерибизди жумшайбыз деп ишенебиз».

Эмомали Рахмон Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, бакты-таалай жана Кыргызстандын мындан ары өнүгүп-өсүшүнө жана жыргалчылыгына багытталган мамлекеттик кызматына ийгиликтерди каалаган.

Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоо сөзү: «Тынчтыктын, ак ниет коңшулуктун, тилектештиктин жана табигат менен тыгыз байланышта жашоонун белгиси болгон Нооруз майрамы жаңы күндүн, жаңы башталыштардын жарчысы болуп саналат. Жалпы адамзаттын бай маданий мурастарынын ажырагыс бир бөлүгү катары таанылган бул жаркын майрам жогорку гуманисттик идеяларды ичине камтуу менен элдердин ортосундагы достукту жана биримдикти бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ. Бул майрам Сиз үчүн жана Сиздин өлкөнүн жалпы боордош эли үчүн бакыт, кубаныч жана жаңы ийгиликтер менен коштолсун».

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу: «Береке менен жаратмандыктын белгиси болуп саналган Нооруз майрамы өзгөчө мааниге ээ. Жалпы түрк ааламына орток саналган бул майрам биздин бир туугандыгыбызды мындан дагы бекемдеп, көптөгөн кубанычтар менен ийгиликтерди алып келсин! Бекем достук менен ак ниет коңшулукка негизделген Кыргызстан менен Казакстандын стратегиялык өнөктөштүгү эки элдин жыргалчылыгы үчүн жигердүү өнүгөөрүнө ишенем».

Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттин жаркын келечегине багытталган бардык кадамдары менен демилгелерине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Пикир

Оставить комментарий