• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери суу ресурстары жана Аралды куткаруу меселелерин талкуулашууда

Президент 0

Түркмөнбашы, 24.08.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнбашы шаарында өтүп жаткан Аралды куткаруу Эл аралык фондун негиздөөчү-Мамлекет башчыларынын Саммитине сыйлуу конок катары катышууда.

Отурумга Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.

Саммитте Жээнбеков Аралды куткаруу фондунун жана анын органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Кыргызстандын көз карашын кененирээк айтып берет.

Буга чейин президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков Кыргызстан Аралды сактоо эл аралык фондунун ишмердигине катышууну токтотуп койгонун жана бул аны терең реформалоого байланыштуу экенин түшүндүргөн.

“Кыргызстан Аралды куткаруу фондунун ишмердүүлүгүнө анын тиешелүү реформалануусунан кийин толук форматтуу катышуусун жандандырууга даяр”, - деген Сыдыков.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапары менен барып, өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов менен эки тараптуу тар жана кеңейтилген форматта жолугушуу өткөргөн. Жолугушуунун жыйынтыгында 11 макулдашууга кол коюлган. Башкы саясий документ болуп Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларация саналат.

Пикир

Оставить комментарий