• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбор Азия лидерлеринин II консультативдик жолугушуусу кеңейтилген курамда өтүүдө

Саясат 0

Ташкент, 29.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков Ташкент шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусуна катышууда.

Учурда тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөр аяктап, отурум кеңейтилген курамда өтүүдө.

Күн тартибинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык ж.б. тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү жана аймактагы өлкөлөрдүн жакынкы келечекке карата артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелери турат.

Экинчи консультативдик жолугушууга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев катышууда.

Эскерте кетсек, Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биринчи Консультативдик жолугушуусу 2018-жылдын 15-мартында Казакстанда болуп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий