• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары апрелде Ташкентте чогулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын экинчи консультативдүү жолугушуусу үстүбүздөгү жылдын апрель айында Өзбекстандын борборунда өтөт. Бул тууралуу “Азия плюс” агенттиги Тажикстан өкмөтүнүндөгү өздүк булактарына шилтеме жасап билдирет.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Астана шаарында өткөн БАнын президенттеринин биринчи консультативдүү жолугушуусунда ушундай жолугууларды жыл сайын Нооруз майрамынын алдында өткөрүүнү сунуштаган. Ошондой эле кийинки отурумду Ташкентте өткөрүүгө чакырган.

Жолугушуунун күн тартибинде – өлкөлөр арасындагы баардык багыттагы: соода, экономика, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү.

Маалымат булак билдиргендей, региондогу мамлекеттер жылдан-жылга Нооруз майрамын абдан кенен майрамдап, президенттердин иш тартиби абдан жыш болот.

“Ошол себептен БАнын лидерлери Нооруздун алдында эмес, апрель айында жолугушат”, - дейт агенттиктин Тажикстан өкмөтүндөгү маалымат булагы.

Биричи консультативдүү жолугушууда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандыкы - Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандыкы - Сооронбай Жээнбеков, Тажикстандыкы - Эмомали Рахмон жана Түркмөнстан Меджлисинин төрагасы Акджа Нурбердыевалар катышкан.

.

Пикир

Оставить комментарий