• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Борбор Азияда балдардын төрөлүшү азаят - изилдөө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Борбор Азияда балдардын төрөлүшү кылым ичинде эки эсеге азаят. Учурда төрөлгөн балдардын санынын көптүгү боюнча Тажикстан алдыда. Ал эми Өзбекстан балдар эң аз төрөлгөн мамлекет деп табылган. Кылымдын соңунда Борбор Азиядагы бир аялга бирден эле бала туура келет. Бул маалыматтар Бириккен Улуттар Уюмунун жүргүзгөн изилдөөсүндө көрсөтүлгөн.

Тажикстанда балдар көп төрөлөт маселен бир аялга орточо эсеп менен алганда 3,5 бала туура келет. Ал эми Өзбекстан Борбор Азия боюнча бала эң аз төрөлгөн өлкө. Анда бир аялга 2,4 бала туура келет. Кыргызстанда орточо эсеп менен бир аялга 3,1 бала туура келет. Казакстанда - 2,7 бала. Жалпылап айтканда, аймактарда бир аялга үчтөн бала туура келет.

Европада бир аялга 1,5 бала туура келет, бул эң төмөнкү көрсөткүч. Анткен менен кылымдын соңунда Европада балдардын төрөлүшү өсүп, бир аялга экиден бала туура келип калат. Демографтардын билдиришинче, кылымдын аягында бардык адамзатка бир аялга эки бала туура келгени нормалдуу көрүнүш болуп калат.

Ошондой эле, Борбор Азиядагы адамдар кылымдын аягында көп жашап калышат. Мисалы бул жылы орточо жашоо узактыгы Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда 70 жаш деп белгиленген. Түркмөнстанда 68 жаш. Кылымдын ортосунда бул көрсөткүч 75-76 га жетет ал эми кылымдын аягында 82-83 жашка чейин узарат.

БУУнун маалыматына ылайык, Борбор Азия - дүйнөдөгү эң жаш аймак деп эсептелет. Маселен, кары адамдар Тажикстанда жалпы элдин санынын 6%, Өзбекстанда жана Кыргызстанда 8%, Казакстанда 11%, Түркмөнстанда 7%, ал эми, Россияда бул көрсөткүч 21%, Грецияда 26%, Португалияда 28% түзөт.

Булак: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий