• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбор Азияда күндүн ысыгы реккорддук көрсөткүчкө жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Июль айынын аягында Борбор Азиядагы күндүн ысыгы реккорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу “Метеоновости” маалымат агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, бир нече шаарларда күн өтө ысып, реккорддук көрсөткүчкө жеткен.

Казакстандын түштүгүндөгү Карагандада күндүн температурасы +35,2 градуска жеткен. Мындай ысык буга чейин 65 жыл мурун кайталанган. Жезказганда 26-июлда күндүн ысыгы +37.0 градус, Түркестанда 43,6 градус, Шымкентте +40.0 градуска жеткен.

Ушундай эле көрүнүш Кыргызстанда да сакталууда, Бишкекте 26-июлда абанын температурасы +39.3 градус болгон.

Өзбекстандын борборунда +41.7 градус ысык сакталган.

Жакынкы аралыкта аймактарда абанын мындай ысышы сакталат.

Пикир

Оставить комментарий