• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Борбор Азиядагы эң ири мечит Астанада курулат – фото

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Борбор Азиядагы 30 миң адамды батырган эң чоң мечит 57 миң кв.м көлөмдө Казакстандын Астана шаарында курулмакчы. Бул тууралуу ca-irnews.com жазат.

План боюнча, бул мечит бир гана ибадат кылуучу жай болбостон, өлкөнүн эң кооз архитектурасын чагылдырган, меймандары менен туристтеринин көрүп өтүүчү жайына айланмакчы.

Мечит дүйнөнүн ири 10 мечитинин бири болмокчу. Мечитте намаз окуучу салон 18 миң кв.м ди түзүп, 30 миң адамды камтыйт.

Ал эми минареттин бийиктиги 130 м, борбордук куполу 88 м. бийиктикке көтөрүлүү менен 24 айдын ичинде курулуп бүтмөкчү.

Казакстандын калкы 2019-жылдын аягына чейин 18 млн. 896 миңден ашуун адамды түзөрү болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий