• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Борбор Азиядагы эң семиз адамдар Өзбекстанда жашайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Борбор Азиянын эң семиз адамдары Өзбекстанда, ал эми эң арыктар Тажикстанда жашашат. Бул туурасында Американын адистештирлген “New England Journal of Medicine” басылмасы жарыялаган. Иликтөө “25 жыл ичинде 195 мамлекеттеги адамдардын ашыкча салмак кошуусу, анын ден-соолукка келтирген зыяны” деген аталышта өткөрүлгөн.

Такталган маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда 44,5% семиз адамдар жашайт. Ал эми Тажикстанда семиз адамдардын пайыздык көрсөткүчү 15% түзөт.

Түркмөнстанда семиздер 41%, Казакстанда 35,4% ал эми Кыргызстанда 30,7% түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда аялдар Казакстандыктарга салыштырмалуу сымбаттуу келет. Бирок, казак мырзалары Кыргызстандыктардан арыгыраак келет. (Казакстанда семиз аялдар 24,2%, ал эми Кыргызстанда 19,1%, Казакстандагы семиз эркектер 11,2%, ал эми Кыргызстандагы семиз мырзалар 11,6%түзөт).

Мурдагы советтик өлкөлөр арасынан эң семиз адамдар көп жашаган мамлекет катары Молдова табылган. Ал жакта семиз аялдар 31,1%, эркектер 19,7% түзөт. Ашыкча салмактагы аялдардын басымдуу бөлүгү Россияга туура келет. Ал эми семиз эркектердин саны боюнча Эстония алдыга чыгат. Анткен менен дүйнөдө, семиз адамдар көп жашаган өлкө катары Америка аталып келет.

Адистер адамдардын семирип кетүүсүн, алардын бир ордунда отуруп иштөө образы жана туура эмес тамактануусуна байланыштырып келет. “Адамдар туура тамактануу маданиятын билбегендиктен ашыкча салмактан жапа чегишет. Алар күнүнө 2-3 жолу тамактанышат. Бирок талапка ылайык, беш маал тагыраагы, ар бир үч саат сайын тамактанып туруу керектигин унутуп калышат. Өздөрүнүн рационунда майды, тузду көп колдонушат. Ошондой эле, акыркы жеңил тамакты уктаарга төрт саат калганда ичиш керек деген талапты аткарышпайт”,- деп жазылат иликтөөдө.

Булагы CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий