• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Борбор Азиядагы илимий лабораториялардын картасын түзүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. КР УИАнын президенти, академик С.М.Жуматаев Кембридж университетинин Борбор Азия боюнча форумдун башчысы, профессор Сидхарт Саксенаны кабыл алды.

УИАнын басма сөз кызматынан кабарлашкандй, жолугушууда профессор Сидхарт Саксена Кыргызстандын илимпоздору менен кызматташуу, Борбор Азиядагы илимий лабораториялардын картасын түзүү, жаш окумуштууларды биргелешип өстүрүү максатын сунуштоо менен келгендигин билдирди.

"Жолугушууда учурда дүйнө жүзүндө антропология илими чоң мааниге ээ боло баштаганына байланыштуу КР УИАда антропология бөлүмүн ачса болоорун, аны ачуу бүгүнкү күндүн талабы экендиги жөнүндө пикир бөлүштү", - деп айтылат билдирүүдө.

“Көптөгөн мамлекеттерде илимий иш жүргүзүүгө шарт жок. Ал эми Советтер Союзунун тутумуна кирген мамлекеттердин, мисалга Кыргызстандын жакшы базасы бар. Бирок, бул жөндөмдүүлүктү жоготуп албоо үчүн тез аранын ичинде дүйнө окумуштуулары менен биргелешип иш жүргүзүү керек. Биз биргелешип долбоор баштасак көп ийгиликтерге жетишебиз. Дүйнөлүк илимий коомчулукка тыгыз аралашуу менен окумуштуулар өзүлөрүнүн илимий иштерин талкуулашат, эмгектерин башка ракурста дагы талдашат, текшеришет. Мындай мүмкүнчүлүккө биргелешип тез жетишмекпиз” – деп билдирген Саксена.

Ошондой эле профессор сейрек кездешүүчү металлдардан энергия бөлүп алуу маселеси менен алектенип жаткандыгын, жаңы технология боюнча чогуу иштешүүнү караштыруу керектигин кошумчалап кетти.

Академик М.С.Жуматаев профессор Сидхарт Саксенанын сунуштары илимдер академиясынын максаттарына дал келээрин, жакында Улуттук илимдер академиясынын 75 жылдык мааракеси белгилене тургандыгын айтып, катышууга чакырды.

“Бул жолугушуу көп жакшы эмгектердин башаты болот деп ишенем. Биз сиздер менен иштешүүгө кызыкдарбыз” – деди Жуматаев.

Пикир

Оставить комментарий