• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Борбор Азиядагы туристтердин сүймөнчүлүгүнө айланган 8 мейманкана

Дүр дүйнө 0

Борбор Азиядагы өлкөлөр өздөрүнүн жаратылыш, маданият жана салттары менен элди тартып турбастан, ошондой эле укмуштуудай мейманканалары да адамды кызыктырбай койбойт. Дүйнөгө белгилүү Hyatt, Hilton, Sheraton, Mariott же Rixos отелдери туурасында эмес, бүйүр кызыткан жергиликтүү мейманканаларын Asia - plus басылмасы жазып чыкты.

Тажикстандын Хорог шаарындагы "Lal" мейманканасы

Бул жер туристтердин сүймөнчүлүгүнө айланган жерлердин бири. Сиздерге мейманкананын ыңгайлуулук жактан алдыда болгону жана меймандостугунан сырткары улуттук баалуулуктарды байкай аласыз. Коноктор Памирдин көркөм өнөрү, кол өнөрчүлү жана тоолуу аймактын этникалык өзгөчөлүгүнө күбө боло алышат.

Ошол эле убакта, дүкөндөрдөн улуттук буюмдарды сатып алса болот. Мейманканада орун алган этникалык кафеден даамдуу тамак-аштан ооз тийсе болот.

Тажикстандын борбору Душанбе шаарындагы "Serena Hotel Dushanbe" мейманканасы

Өлкөнүн борборунда жайгашкан 5 жылдыздуу мейманкана тажик элдеринин архитектуралык мурасын чагылдырат.

5 жылдыздуу мейманканаларда тартууланган күнүмдүк кызматтардан сырткары Serena Hotel Dushanbeнин чатырында бассейн бар. Сиз бир гана сууга түшпөстөн шаардын кооздугуна суктана аласың. Мындан сырткары, мейманкананын жайкы бакчасында ар кандай маданий иш-чаралар жана көргөзмөлөр өткөрүлүп турат.

Казакстандын Алмата шаарындагы "S.N.e.G" мейманканасы

Алматадан 20 чакырым алыстыкта орун алган кичи отелге Медео спорт комплексинен аркан аркылуу жүрүүчү техника менен жетүүгө болот.

Кичи отелди курууда жыгач жана айнек көбүрөөк колдонулган. Тоо койнунда орун алган бул мейманкана туристтерди өзүнө тартып турат. Кар баскан тоолорду жана ажайып кооз жаратылышты сүйүүчүлөр үчүн эң мыкты жер.

Дагы бир өзгөчөлүгү болуп тамактарды ачык асманда от үстүндө жасоосу болуп эсептелинет. Аталган мейманканага жылдын каалаган убактысында барууга болот. Кайсы гана убакта барбаңыз ал жак дайыма суук болот. Кыш мезгилинде спорттун лыжа түрүнө ыңгайлуу жер болсо, жайында ысыктан сактанам дегендер үчүн бул жер эң туура тандоо болот.

Казакстандын Алмата шаарындагы "Mercure" мейманканасы

4 жылдыздуу мейманкана башка жерлерден кооздугу менен айырмаланат. Анда жергиликтүү жердин маданияты, салты жана көркөм өнөр чыгармалары чагылдырылган.

Анын дагы бир артыкчылыгы шаардын борборунда орун алышы. "Меркур" Алматада болгондуктан шаар ичиндеги тарыхый жерлерге жетүү кыйынчылык жаратпайт.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы "Hostel Nomad Life" мейманканасы

Кыргызстанда акыркы жылдары эко-туризм өнүгүүдө. Андыктан Ысык-көлдүн Кажы-Сай айылында боз үйдөн турган мейманканаларды тапса болот.

Боз үйдүн ичи көчмөндөрдүн жашоосун чагылдырат. Келген конокторду күнү-түнү тосушат. Мейманканада жалпы ашкана, бар жана акча алмаштыруучу жай да каралган.

Кыргызстандын Бишкек шаарында "Art hotel" мейманканасы

Мейманкананын аты айтып тургандай бул жер саркеч болуп, бөлмөлөр кара-ак түстө кооздолгон.

4 жылдыздуу мейманкананын жанында "Ала-Тоо" аянты, театр, кинотеатр, тарыхый жерлер жана базар жайгашкан. Ал жерлерге коомдук транспорт аркылуу 10 мүнөт аралыгында жетсе болот.

Өзбекстандын Ташкент шаарындагы "Mirzo Boutique Hotel" мейманкансы

Бул жерди биринчи окуганда бутик-отел деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок чын-чынына келгенде андай эмес. Мейманкананы "көркөм чыгарма" деп да атасак болот, ал өзбектердин мурунку архитектурасына ылайык салынган. Алгач көргөндө тарых музейи деп ойлошуңуз мүмкүн.

Мейманканада бакча, бар, ресторан жана отелдин ар бир бөлмөсүндө патио болгону менен башкалардан айырмаланат.

Өзбекстандын Бухара шаарындагы "Minzifa Hotel" мейманкансы

Өзбек усталардын дагы бир көркөм чыгармасы. 2 кабаттуу мейманкана улуттук өзгөчөлүктү чагылдырып турат.

Пикир

Оставить комментарий