• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбор Азиядагы жашоо: Өзбектер меймандардын бетине ун сүртүшөт (2-бөлүк)

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

“Бешик түйи” (арча бешик) - майрамдык жөрөлгөсү, ымыркайды алгачкы бешикке салуу жөрөлгөсү менен байланыштуу. Өзбекстанда өтө кеңири тараган жөрөлгөлөрдүн бири. Бул жөрөлгө бала төрөлгөндөн 7, 9 жана 11 күн өткөндөн кийин жасалат. Жөрөлгөнүн ар кайсы аймакта өз өзгөчөлүктөрү бар жана үй-бүлөнүн жашоо шартына байланыштуу өткөрүлөт. Мисалы, байлар бул күндү кеңири майрамдашса, карапайым үй-бүлөдө каражат аз болгондуктан белгилеп эле коюшат.

“Бешик” жана башка ымыркайга керектелүүчү каражаттарды, келин тарап алып келет. Ал эми дасторконго тандыр нанды, таттууларды жана оюнчуктарды ороп алып келишет. Ошондой эле, ымыркайдын ата-энесине жана чоң-ата, чоң-энесине белектер дайындалат.

Мыкты тандалган бешик, дасторкон жана белектерди унаага жүктөп, меймандар менен биргеликте сурнай, карнай жана бубнанын күүлөрүнүн коштоосунда кудаларынын үйүнө жөнөшөт. Салтка ылайык, алып келинген бешикти ымыркайдын чоң атасы алгач оң ийинене алат, андан кийин баласынын ийинине өткөрүп берет, ал болсо бешикти ымыркайдын энесине алып барып берет. Мурунку убакта, коноктордун ниети таза болсун деп, ун менен беттерин сүйкөшкөн. Келген меймандар конок бөлмөгө киргизилип, музыканттардын коштоосунда шаңдуу отурушат, а кошуна бөлмөдө болсо улгайган апалардын коштоосу менен ымыркайды бешикке салуу жөрөлгөсү болот. Тойдун аягында меймандар ымыркайды көргөнү кирип, ага парвар же сахар чачышат. Муну менен той жыйынтыкталат.

Өзбектерде ымыркайдын туулган күнүн өткөрүү боюнча бир катар жөрөлгөлөрү бар. Алардын бири байыркы убактан бери келе жаткан жөрөлгө “сүйинчи” деп аталат. Төрөттү кабыл алган аялдардын бири “сүйинчи”- төрөлгөн ымыркай туурасында кабарды атасына же башка үй-бүлө мүчөлөрүнө кабарлап, ал үчүн баалуу белек алган. Андан соң, жаш балдардын бири баардык туугандарга атайын ыр менен сүйүнүчтүү кабар жеткирет. Азыркы учурда төрөттөрдү атайын төрөт үйү кабыл алып калгандыктан, бул жөрөлгө тарыхта гана калды.

Салтка ылайык, атасы уулунун жарыкка келишине арнап дарак отургузган, ал эми кыздуу болгондо гүл тиккен.

Ымыркайдын жарыкка келгенине 3,5,7,9 күн болгондон кийин сыйкырлуу күндөр болгон. Бул күндөр коркунучтуу эсептелинген. Ымыркайды энеси менен көңүл буруусуз калтырууга болбойт, аларга көңүл буруп, көңүлдөрүн көтөрүп турушчу жана жин-шайтандардан коргоочу бир катар жөрөлгөлөрдү жасашкан.

“Исмлаш”- ымыркайга ысым тандоо. Ымыркайдын ысымын тандоого чоң маани берилген. Бардык мезгилдерде ымыркайды жаратылышта жана ааламда пайда болгон көрүнүш катары атоо туура көрүлчү.

Эгерде ымыркайда кал болсо ага Холбой, Холтой, Холбек, Нархол, Ойхол деп, каратору болсо- Корабек, Корабой деп, ак болсо – Октой, Онбой деп аташкан. Ымыркай айына жетпей төрөлсө Чалабой ысымы ыйгарылган. Эгиздер төрөлүп калган учурларда кыз эгиздерге Фатима жана Зухра, ал эми эркек эгиздер төрөлсө Хасан жана Хусан ысымдары коюлган.

Ысым тандоодо жылдын мезгили, айы, төрөлгөн күнү чоң роль ойногон. Көбүнчө учурда ымыркайларга ата-бабаларынын ысымдары берилген.

Эгерде ата-энеси баласына белгилүү бир адамдык сапатты бергиси келсе, ымыркайга буга ылайык бир ысымды беришкен. Ымыркай боорукер болсун десе – Рахим, Рахима; күчтүү болсун десе- Ботир, Полван, Баходир; башкаруучу болсун десе – Амир, Сардор, Саркор; маанилүү, керектүү болсун десе Азиз, Азиза; жагымдуу болсун десе – Ширин, Асаль, Чучук; сулуу болсун десе - Гузаль, Гүлчахра; Бактылуу- Бахтиёр, Саодат, Рохар коюшкан.

Эгерде ысымга “жон” (жан) мүчөсүн уласа - ысым эркелетүү иретинде болуп калат. Эркектин атына “бек”, “хон”, “бой”, кыздыкына “бека”, “бону” мүчөсүн уласа ысым адамдын абалын көтөрөт. Кыз кишинин сулуулугун арттырыш үчүн ага “гул” же “нисо” мүчөсү улашкан. Тукумга сый-урмат келтириш үчүн ага болгону “зод” мүчөсүн улаш крек.

Эми ысымдарды чечмелесе болот, анткени бул көрүнүш азыркыга чейин сакталган. Мындан тышкары “бешик туй” бешик майрамы, “биринчи кадам” – алгачкы кадамдары жана “суннат туй” – сүнөткө отургузуу жөрөлгөлөрү бар. Акыркы жөрлгөнүн эки мааниси бар: бул жигиттиктин белгиси жана ысык аба ырайынын негизинде гигиенаны сактоо үчүн жасалган.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий