• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Борбор Азиянын биринчи мюзикли Кыргызстанда тартылууда

Маданият 0

Бишкек, 14.09.17. /Кабар/. Борбор Азия боюнча биринчи “Дарак ыры” тарыхый мюзиклин Кыргызстандык жаш режиссер Айбек Дайырбеков тартып жатат,- деп билдирет “Россия – Культура” телеканалы.

Болжол менен тасма 2018-жылга даяр болот. Азырынча авторлор долбоордун сюжети тууралуу маалымат бербей, аны сыр катары катууну каалашат.

Бирок, алдын ала маалым болгондой, сценарийде XVIII кылымдагы кыргыздын салт-санаасы чагылдырылат. Тасма Ысык-Көлдүн жээгинде тартылууда. Атайын тасма тартуу үчүн 200 жакын кийим тигилип, алардын бардыгы каада-салтка шайкеш келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий