• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Борбор калаа фонтандар сезонун ачууга камылга көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Борбор калаа фонтандар сезонун ачууга камылга көрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы тапта "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, "Аска-Таш", Ала-Тоо аянтындагы ж.б. жерлердеги фонтандарды текшерип, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Мэрия билдиргендей, ишкананын карамагында жалпы 16 фонтан комплекси бар.

"Белгилей кетсек, кышы бою фонтан комплекстерин оңдоо иштери жүргүзүлдү. Алар качан иштеп баштай турганы тактала элек. Баары аба-ырайына байланыштуу болот. Эгер күн жылып кетсе, алар апрелдин аягында иштеп баштайт", - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий