• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Борбор калаада кант диабетин эрте аныктоо боюнча акция өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунда кант диабетин эрте аныктоо боюнча акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эндокринологиялык борбору тарабынан «Кыргызстандын диабет жана эндокринологиялык ассоциациясынын» жардамы жана «ФАРМАК» ЖАКсынын колдоосу менен уюштурулду.

"Акция Биринчи май акимиатынын имаратынын жанында өттү. Каалоочулар үчүн кандагы кантты бекер өлчөө уюштурулду. Шаардыктардын 180ге жакыны кандагы кантты текшерип, анын 20сында нормадан четтөө байкалган. Аларга шаардык эндокринологиялык диспансерде текшерүүдөн өтүү боюнча сунуштар берилди. Мекеменин дареги: Панфилов көчөсү 199, сурап билүү телефону: (312) 62-18-14", - деп айтылат билдирүүдө.

Изилдөөдөн тышкары каалоочулар канттын чегинен ашпасы үчүн тамактануу боюнча кеңеш ала алышты.

Белгилей кетсек, 14-ноябрда бүткүл дүйнөдө диабет күнү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий