• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкек шаарында мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте мыйзамсыз объекттерди алуу иштерин улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Патриса Лумумба көчөсүндөгү №70 үйдүн жанындагы уруксат кагазы жок коюлган эки күркө алынды, ошондой эле Садыгалиев көчөсүндөгү №90 үйдүн маңдайындагы мыйзамсыз күркө демонтаждалды.

"Элебаев жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган жеңил типтеги объектилер дагы демонтаждалды, ошондой эле Скрябин көчөсүндө күркө алынды. Берилген эскертүүлөрдүн негизинде Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркө өз ыктыяры менен алынды. Улан кичирайонунда 4 күркө муниципалдык аймакты бошотту", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы жарандардан жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий