• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Борбор калаада "Спартак Бишкек" кичи футбол академиясы ачылды

Спорт 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Кечээ, 20-январда борбор калаада "Спартак Бишкек" аталышындагы кичи футбол академиясынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Академиянын ачылышына Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Айбек Бакасов, "Спартак Москва" кичи футбол академиясынын директору Александр Лихачев, "Спартак Бишкек" кичи футбол академиясынын президенти Канат Деркинбаев, футзал боюнча Кыргызстандын курамасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов катышты.

"Спартак Бишкек" академиясында 500дөн ашык спортчулар тарбиялануусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, "Sun-City" кичи футбол клубу 2017-жылдан бери россиялык "Спартак" кичи футбол клубу менен Кыргызстанга филиал ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Пикир

Оставить комментарий