• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбор калаада Жаңы жылдык жармаңке өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Борбор калаадагы Курманжан датка эстелигинин алдында Жаңы жылдык жармаңке өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жармаңкеде таттууларды, колго жасалган идиш-аяк, сувенир, эко-азыктар, бал, чай жана башкаларды сатып алууга болот.

"Жармаңкеге келген конокторго коомдук унаада жүрүү үчүн "Тулпар" картасы акысыз берилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жаңы жылдык жармаңке 30-декабрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий