• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Борбор калаада жолдорду оңдоо. Бишкектин кайсы жерлеринде кыймыл чектелет

Коом 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Жаздын алгачкы күндөрүнөн баштап "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 2021-жылга карата өндүрүш планына ылайык борбор калаанын көчөлөрүн оңдоого киришти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкананын жумушчулары Шевченко көчөсү Ж.Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн капиталдык курулушун баштады.

"Оңдоо иштерине байланыштуу, аталган тилкеде унаа кыймылы чектелген, оңдоо жумуштарын ушул жайда бүтүрүү пландаштырылган", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн төмөнкү көчөлөрдө курулуш иштери башталат:

• Левоневский көчөсү Л. Толстой атындагы көчөсүнөн Асаналиева көчөсүнө чейин;
• Каховская көчөсү Т.Фрунзе атындагы көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейин;

"Учурда аталган эки көчөдө даярдык иштери жүрүп жатат", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Исакеев көчөсү Ауэзов көчөсүнөн Ч.Валиханов көчөсүнө чейинки бөлүктө оңдоо иштери башталган, буга байланыштуу бул бөлүктө унаа кыймылы чектелген.

Эскерте кетсек, ушул жылы "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 27 көчөдө, узундугу 16,5 км капиталдык оңдоо иштерин жүргүзөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана унаа менен жолго чыгаарда маршрутту алдын ала ойлонуп чыгууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий