• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жолдорду оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Борбор калаада жолдорду оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Турусбеков көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Боталиев (Щербаков) көчөсүнө чейинки бөлүгү ЧЧК аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу былтыр башталган. Боталиев көчөсүнөн ЧЧКга чейин жолдун бөлүгүн асфальттоо иштери толугу менен аяктады. Бордюрларды орнотуу, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор жана жеке турак жайларга өтүүчү жолдорду куруу жүргүзүлүүдө. Аталган участоктун узундугу 1040 метрди, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт.

Ошондой эле узундугу 36 метр болгон көпүрөнү куруу жана көпүрөнүн эки тарабына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү уюштуруу иштери улантылууда. ЧЧКнын түштүк тарабында жээк тирөөчтөрдүн конструкцияларын орнотуу иштери бүттү, каналдын түндүк тарабында жээк тирөөчтөрдүн конструкцияларын куруу иштери жакында башталат. Көпүрөнү ушул жылдын август айына чейин куруу пландалууда.

Мындан тышкары, Манас көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө лоток жана перспективдүү өтмөктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, узундугу 1055 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метр, туурасы 1,5-2 метр сугат лотоктору жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор каралган.

Месароша көчөсүнүн Жамгырчинов көчөсүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө перспективдүү өтмөктөрдү жана чыгыш тарабына тротуар орнотуу иштери жүрүп, лотокторду иретке келтирүү иштеринин 90%ы бүттү. Оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан жолдун узундугу 645 метрди, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт.

Жол иштери «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий