• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Борбор калаада жыгачтан жасалган скульптураны өрттөп кетишти

Коом 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Бишкектин Эркиндик бульварында жыгачтан жасалган тоос кушунун (павлин) скульптурасын өрттөп кетишти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Скульптураны 2018-жылы "Бишкекжашылчарба" ишканасынын кызматкери Эркин Туракулов жасаган. Тоос 14 миң сомго бааланган.

"Тоос ал жерде эки жылдан бери турган, биз аны сырдап, лагын жаңыртып турчубуз. Бейбаштык фактысы боюнча Биринчи май райондук милициясына арыз калтырдык", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий