• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Борбор калаада муниципалитеттин жанындагы тосмо алынды — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Бишкектин эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен муниципалитеттин жанында жайгашкан Киев көчөсүндөгү тосмолор демонтаждалды.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.

Ошондой эле инспекция тарабынан Экономика министрлигине караштуу “Кыргызстандарт” мекемесинин Панфилов көчөсүндөгү тосмолор алынды.

Пикир

Оставить комментарий