• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбор калаанын мэри Бишкек санитардык полигонунун иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көчмө жыйындын жүрүшүндө Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев учурдагы таштанды полигонун рекультивациялоо боюнча активдүү иштер уланып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде мэр таштанды жайындагы күйүп жаткан жерлерди тез арада локализациялоо жана өчүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий