• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбор калаанын мэри Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Калаа башчысынын демилгеси менен уюштурулган жолугушууда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын алкагында муниципалитет менен шаардык кеңештин кызматташуу вектору талкууланды.

Тараптар муниципалитеттин оперативдүү жана сапаттуу ишмердүүлүгүн ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттердин так координацияланышын белгилешти.

Калаа мэри жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы коомдук транспорт, таштандыларды сорттоочу заводдун курулушу, өз алдынча турак жай курууну мыйзамдаштыруу, быйылкы жылдын бюджетин түзүү тууралуу маселелерди талкуулашты.

Мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз өтүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий