• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэри "Заманбап транспорттук технологиялар" компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Заманбап транспорттук технологиялар” АКсынын (ГАЗ Групп) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө "Заманбап транспорттук технологиялар" компаниялар тобунун башкы директору Олег Марков жеңил коммерциялык жана орто жүк ташуучу унаалар, автобустар, коммуналдык жана жол кызматтары үчүн унаалар, жеңил унаалар, күч агрегаттары жана автокомпоненттер линиясын сунуштады.

Өз кезегинде, Бишкек мэри завод менен мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушууга ошондой эле вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев, Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов, "Заманбап транспорттук технологиялар" кампаниясынын сатуу боюнча директору Дмитрий Пыжиков, Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн консультанты Николай Бабкин катышты.

Маалымдама: ГАЗ тобуна Россиянын 8 аймагындагы 18 өндүрүш ишканалары кирет.

Пикир

Оставить комментарий