• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбор калаанын мэриясы жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Борбор калаанын бардык райондорунда жаш бишкектиктер үчүн жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ленин районунун тургундарын аким Русланбек Тагаев куттуктады.

Октябрь районунун акими да балдарга каалоо-тилектерин айтты. Балдар жаңы жылдык «Убакытка саякат» көргөзмөсүн көрүштү.

Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында Свердлов районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим балдар, жакыр үй-бүлөлөр жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр үчүн майрамдык концерт болуп өттү.

Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бактыбек Абдиев, Айканыш Ашырова менен биргеликте балдарды келе жаткан 2022-жаңы жылы менен куттуктады. Балдар «Таберик» балдар музыкалык театрынын театралдаштырылган оюнун көрүштү.

Райондук иш-чаралар 3600 жаш шаар тургундарын камтып, аларга таттуу белектер берилди.

Пикир

Оставить комментарий