• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Борбор шаардын көптөгөн тургундары жылуу суудан пайдалана албай калды, бирок алар суу акысын төлөөгө аргасыз - Бекешев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Жакында эле чоӊ авария болуп, кайра оӊдолгон Бишкек Жылуулук-электр борборунда кайрадан жагымсыз жагдай орун алды, бузулуу ЖЭБдин өзүндө болдубу же жылуулук тутумунда болдубу, азырынча белгисиз. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Жылытуу мезгили аяктады, бирок жылуу суу берүү жаатында көйгөйлөр пайда болду. Мындай абал ЖЭБдин өзүнөн улам болдубу же же жылуулук тутумуна байланыштуу болдубу, ал боюнча маалымат берген эч ким жок. Ошондон улам, борбор шаардын көптөгөн тургундары жылуу суудан пайдалана албай калды, бирок алар суу акысын төлөөгө аргасыз», - дейт эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий