• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Борбордо 1800 абонент жарыксыз калды

Коом 0

Бишкек, 26.10.17 /Кабар/. “Түндүк электр” ААК Бишкек шаарында өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 30, 31-октябрда турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосун өчурүүнү мерчемдөөдө. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, “Түндүк электр” ААК ыңгайсыздыктарды жаратпаш үчүн толөмдөрдү өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Эске салсак, “Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI» төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт. Эми “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы,, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Пикир

Оставить комментарий