• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбордо айрым аттракциондордун иши токтотулат

Коом 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Бишкек шаарында жайгашкан Ататүрк жана Асанбай эс алуу жайынын аттракциондорунун ишмердүүлүгү 2-июндан баштап токтотулат. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, аттракцион ээлеген жерлердин эч кандай уруксат кагаздары жок, ээлери жабдыктарын мыйзамсыз орнотуп, электр тогуна өз билемдик менен кошулган.

“Жеринде Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан аталган эс алуу жайларынын аттракциондорунун ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча чечим чыкты. Аталган аттракциондордун ишмердүүлүгү 2 июндан тарта толугу менен токтотулат”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда Мамэкотехинспекция тарабынан Бишкек шаарында жайгашкан эс алуу жайларынын аттракциондорунун мыйзамдуулугу, техникалык талаптарга дал келиши дыкаттык менен текшерилип жатат. Мыйзам бузган аттракциондордун ишмердүүлүгү жеринде токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий