• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Борбордо ат оюндары боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Республикалык олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин кышкы ат оюндарынын манежинде ат оюндары боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдештер ат оюнэарын жайылтуу, спорттук жетишкендиктерди өбөлгөлөө, жаш атчандардын квалификациясын жогорулатуу, КРнын өспүрүмдөр жана негизги курама командаларына тандоо максатында өткөрүлүп жатат.


Мелдештерге Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Кыргызстандын командалары катышууда. Биринчилик 30-марттан 1-апрелге чейин өтөт.

Иш-чарага Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Республикалык олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби менен биргеликте жетекчилик кылууда.


мелдештердин программасы:

1-апрель

«Medium test» - башталышы 10:30

«Средний приз» - башталышы 11:30

1-3-орундарды алган катышуучулар медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий