• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбордо бир унаа үйдүн тосмосун сүзгөн (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Бишкекте бир унаа үйдүн тосмосун сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, болжол менен саат 07:50дө "Nissan Sentra" үлгүсүндөгү унааны башкарган белгисиз айдоочу Аул көчөсүндө бара жатып, №4 үйдүн тосмосун сүзгөн.

Алдына ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Унаа айып аянтчасына токтотулган.

Чогултулган маалыматтар Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жол кырсыгы боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Жол кырсыгындагы тасма Болот Ибрагимовун Инстаграмдагы баракчасынан алынган.

Пикир

Оставить комментарий