• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Борбордо спорттун 6 түрү боюнча мелдештер өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Борбор шаардын Ленин районунда 13-14 жаштагы балдар арасында спорттун 6 түрү боюнча жазгы оюндар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Биринчилик кичи футбол, жеңил атлетика, үстөл тенниси, дартсу, таяк тартыш, бука тартыш боюнча өтүп жатат.

Мелдештер спорттун түрлөрүн өнүктүрүү, саламаттыкты чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында райондун балдары жана өспүрүмдөрүнүн арасында өткөрүлүп жатат.

Байгелүү орундарды ээлеген командалар тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий