• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын орнотуу иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы балатысынын темир каркасын орнотуу иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл балаты чоң фонтандын ордуна орнотулат.

Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет.

Шаарды жаңы жылга карата жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий