• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Борбордук Азия экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу демилгеси көтөрүлүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште БРЭК өлкөлөрүнүн катышуусунда Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашуу каралып, ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Баяндамачынын айтымында, бул институтту уюштуруу жөнүндөгү макулдашуу илимий изилдөөлөр жана мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу борборун түзүүгө багытталган, ал экономикалык кызматташтык программасынын сапаты менен натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Кыргыз тарап мүчөлүк акы төлөбөйт, каржы чыгымдарын азырынча кытай тарап толугу менен өз мойнуна алууда.

Пикир

Оставить комментарий