• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кийинки жолугушуусу мартта Ташкентте өтөт - Абдылдаев

Саясат 0

Ашхабад, 24.08.18. /Кабар/. Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кийинки жолугушуусу март айында Ташкентте болот. Бул тууралуу журналисттерге президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон иш сапарынын биринчи күнү боюнча айтып жатып КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

“Стратегиялык өнөктөштүктүн мамилеси – эки өлкө ортосундагы алаканын жогорку деңгээли. Ошондуктан да айта кетүүчү нерсе, Кыргызстан өзүнө артыкчылыктуу болгон өлкөлөр менен ушундай алакаларды орнотуп жатат. Түркмөнстан алардын катарына кирет”, - деп билдирди ТИМ башчысы.

Абдылдаев баса белгилегендей, эң башчысы Борбордук Азияда өз ара ишеним, түшүнүү жана колдоо атмосферасын түзүү маанилүү.

Ал 2018-жылы Астанада Борбордук Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу болгондугун эске салды.

“Бул формат 2019-жылы да улантылат. Ушундай эле жолугушуу Нооруз майрамынын алдында Ташкентте болот”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий