• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борбордук Азиядагы интеграция - позитивдүү күтүүлөр

Аналитика 0

Шенген визасынын аналогу, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы гана, жакынкы келечекте пайда болушу мүмкүн. Мындай сунушту казак сенатору, Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитеттин төрайымы Д.Назарбаева билдирди. Анын сөзү боюнча, мындай Silk-виза алыскы чет өлкөлөрдөн Борбордук Азия аймагына туристтерди тартат. Депутаттын сөзүн казакстандык, андан соӊ өзбек, кыргыз, түркмөн жана тажик жалпыга маалымдоо каражаттары да шилтеме кылып келтиришкен. Бул макалаларга карата маалыматтык порталдардын колдонуучуларынан жана окурмандарынан келип түшкөн түшүндүрмөлөрдүн дээрлик баары оӊ маанайда. Бул түшүнүктүү жагдай: Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туристтик, жана бир гана туристтик эле эмес, потенциалы жыл сайын өсүп барат. Бирок, арийне, мындай сунуш, бул аймактын өлкөлөрүндө тыгыз кызматташууга тоскоолдук жараткан, кандайдыр бир принципиалдуу, чечилбес келишпестиктер болгон учурда мүмкүн эмес эле. Бул кызматташуу мамлекеттердин экономикалык керектөөлөрүнөн гана түптөлгөн жок.

Борбордук Азия өлкөлөрү – бул, эӊ алды менен, тектеш маданият, окшош каада-салттар, менталитет жана тил. Баарына жалпы жана түшүнүктүү тилде бири-бири менен сүйлөшүү кыйла жеӊил. Мына ошондуктан, туризм – кызматташуунун эӊ керектүү багыттарынын бири, бирок эӊ башкысы эмес, потенциалды бириктирүү бардык борбордук азиялык мамлекеттер үчүн пайдалуу. Ал, эӊ алды менен, финансылык зарылдык үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү. Айрыкча, диний экстремисттик уюмдардын өнүгүшүнө жана жайылышына каршы аракеттерди көрүү маселеси актуалдуу болуп жаткан азыркы учурда, мындан тышкары Афганистандан чыккан баӊги трафиги менен күрөшүү маселеси да өтө маанилүү болууда. Акыркы пункт – Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн эӊ эле олуттуулардын бири, баӊги трафигинин бир нечелеген маршруттары бар, бирок алардын дээрлик баары КМШ өлкөлөрүнүн чек аралары аркылуу өтөт: афган-өзбек чек арасы аркылуу, афган-түркмөн чек арасы аркылуу – Казакстанга же Азербайжанга жана андан ары Россияга өтөт. Бул маселени биргелешип, жалпы аракеттер менен гана чечүүгө мүмкүн, анткени бир эле мамлекет бул чынжырчаны бош койсо, анда башкалардын аракеттеринин баарын ошол замат жокко чыгарат. А бирок, максаттардын, аракеттердин жалпылыгы аймактын коопсуздугу үчүн күрөштө гана керек болбостон, башка маселелерде да зарыл. Борбордук Азия өлкөлөрү – бул ири рынок – 70 млн. жакын адам экендигин унутпаш керек. Мисалга алсак, Бишкек жана Астана өз ара товар алмашуу жүгүртүмүн 1 млрд. долларга чыгарууну пландаштырууда. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуу жүгүртүмү болсо 2016-жылы болгону 169 млн. долларды түзгөн, ушул жылдын аягына чейин эки өлкөнүн бийлиги бул көрсөткүчтөрдү 500 млн. долларга жеткирүүгө ниеттенишүүдө. Өзбекстан Борбордук Азиядагы чек аралардагы кызматташууга өзгөчө үмүттөрдү коюп келет. Бир мисал катары төмөнкүнү келтирсе болот: Ташкент тери жана каракуль тармагын өнүктүрүү программасын кабыл алган, жана негизги сатуу рыногу катары дал ошол Борбордук Азия аймагынын өлкөлөрүнүн рыногу каралган. Өлкөлөр акырындап коӊшу мамлекеттердин жарандарына чек араларды ачууда жана иштерин жеӊилдетүүдө.

Ушул жылдын март айында Казакстандын борбору Астана шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусу өткөн. Жолугушууга Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Жолугушууда президенттер, Борбордук Азия – бул географиялык жана геосаясий мейкиндик гана болбостон, ошондой эле бирдиктүү маданий-цивилизациялык мейкиндик экендигин билдиришкен. Мындай кызматташуунун маанилүү бөлүгү болуп өлкөлөрдүн транспорт-коммуникациялык саясатынын келечектеги жуурулушушу саналат. Алсак, март айында Н.Назарбаев, Ш.Мирзиёев, С.Жээнбеков, Э.Рахмон жана жолугушууда Түрмөнстандын өкүлү болуп келген мажилистин спикери Акджа Нурбердыева, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын мамлекеттик чек араларынын чектешкен чекиттери тууралуу келишимди карашкан. Бул маселе көп жылдар бою чечилбей келген. Өзбекстан жана Кыргызстан чек аралардын 85% боюнча макулдашууга жетишишкен. Ал эми Шавкат Мирзиёев жолугушууда өз кесиптештерине бул өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушууларынын маал-маалы менен өткөрүп турууну сунуштаган. Идея мамлекеттердин лидерлери тарабынан колдоого алынган жана кийинкисин 2019-жылы Ташкентте өткөрүү макулдашылган. Баса, Шавкат Мирзиеев өзү мындай саммитти өткөрүү тууралуу демилге менен чыккан, ал бул тууралуу 2017-жылдын сентябрь айында – БУУнун Генералдык ассамблеясынын 72-сессиясында билдирген. Анткени ал Өзбекстандын башчылыгына келген биринчи күнүнөн тартып, республиканын тышкы саясаты коӊшу өлкөлөр менен ар тараптуу кызматташууга багытталарын билдирген.

Аймактык көйгөйлөр институтунун директору Дмитрий Журавлев тажик жалпыга маалымдоо каражаттарына берген интервьюларынын биринде мындай деп белгилеген: «Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан үчүн бири-бири менен баарлашуу эми «ар ким өзү үчүн» формуласы боюнча эмес, «баардыгы бирөө үчүн» деген эреже боюнча курула баштады». Башкача болушу мүмкүн да эмес, обочолонуу жана жабык болуу саясаты позитивдүү экономикалык жыйынтыктарды бере албайт». Жана мамилелердин мындай формуласын колдонууну, бул маселеде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн гана эмес, ошондой эле дүйнөлүк саясатчылар жана эксперттер бир пикирде, мүмкүн болушунча активдүү жүргүзүү кажет. БУУнун эксперттери изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын басып чыгарышкан: акыркы 10 жылда ИДӨ (ВВП) орточо өсүшү, бүтүндөй дүйнө жүзү 2,6% темп менен өнүгүп жаткан учурда, жалпы борбордук азиялык өлкөлөрүн алганда 6,2% түзгөн. Товар алмашуу жүгүртүмүнүн кескин өсүүсү байкалууда, ал акыркы 10 жыл аралыгында эки эсеге чейин - 1,6 млрд. доллардан 3,1 млрд. долларга чейин өскөн.

Транзиттик потенциалга мамлекеттердин башчылары өзгөчө көңүл бурушууда. Ошондуктан мындан ары да өлкөлөрдө товарларды ташып өтүү системасы жеӊилдетилет, транспорттук жана жол инсфрастуктурасы өнүгөт. Бул жерде Казакстандын Президенти кесиптештерин саясий соодалашуусуз, өз өлкөсүнүн муктаждыктарын жана керектөөлөрүн биринчи планга чыгаруу менен, биргелешип чечүүгө чакырды. Себеби, ушундай гана: ачык жана достук шарттарда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн потенциалын бириктирүү максималдуу жыйынтыктарды берет. Анткени Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын ортосунда күн тартибинде маанилүү маселелердин бири турат: ал суу маселеси. Бул жааттагы бир пикирге келише албастык бардык өлкөлөрдүн экономикасына гана катуу сокку урбастан, ошондой эле беш мамлекеттин жарандарынын жашоо-тиричилигинин сапатына да чоӊ таасир тийгизет, суу кризисине алып келиши толук ыктымал. Жана бул маселени чечүүдө өлкөлөрдүн лидерлеринин саясий эрки жана көйгөйдү чечүүгө болгон каалоосу эӊ маанилүү бойдон калууда. Сыягы, бардык республикалардын кызыкчылыктарын канааттандырган жыйынтыкка багыт алууну башкы максат катары коюу менен, Борбордук Азия мамлекеттеринин президенттери бир тилде сүйлөшүүнү чечишкен.

Атайын “Кабар” үчүн Шавкат Исмаилов

Пикир

Оставить комментарий