• 84.8
  • 98.41
  • 1.19

Борбордук Азиядагы окуялар Ирандын кызыкчылыктарында таасирдүү роль ойнойт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Иран Ислам Республикасынын Казакстандагы элчиси Можтаба Дамирчилу “Чыгыш Иран” агенттиги менен болгон маегинде Борбордук Азия аймагынын маанилүүлүгү жана Ирандын аймактагы өлкөлөр, анын ичинде Казакстан менен мамилеси тууралуу көз карашын билдирди.

- Урматтуу элчи, өзүңүз жакшы билгендей, Борбордук Азия жана Ооганстан изилдөө институту өзүнүн расмий ишин баштады. Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү Ирандын жогорку даражалуу өкүлү катары ушул сыяктуу мекемелерди түзүү зарылдыгын кандай чечмелеп бере аласыз?
- Мындай институтту түзүү зарылдыгына жооп берүүдө эки нерсеге токтоло кетсек. Биринчиден, Иран менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин мааниси. Бул аймак Ирандын тышкы саясатында өзгөчө мааниге ээ. Бирок, Иран менен Борбор Азиянын мамилеси аймактагы болуп жаткан окуяларга узгүлтүксүз байкоо жүргүзүп, изилдеп туруусун талап кылат. Экинчиден, бүгүнкү күндө мындай илимий-изилдөө борборлору эл аралык иш-чараларда маанилүү ролду ойнойт. Бул жагынан алып караганда өлкөнүн кызыкчылыгына ылайык келген бул институттун түзүлүшү абдан кубантат. Албетте, бул борбор аймактагы окуяларды көзөмөлдөөдөн тышкары негизиги маселелерди талдоодо, чечим кабыл алууда жана милдеттемелерди аткарууда чоң жардам берет. Ошондуктан бул изилдөө борборунун иш алып баруусу өскөн сайын Иран жана Борбордук Азия мамлекеттеринин мамилесинин өнүгүшүндө пайдасы көп болушу мүмкүн.
- Борбордук Азия чөлкөмү мурунтан бери эле эл аралык аренада аткарып келген окуялары менен эксперттик изилдөөлөрдө дүйнөдөгү маанилүү аймак катары каралып келет. Сиздин оюңузча Борбордук Азияны “Жер жүзүнүн жүрөгү” деп атоого болобу? Бүгүнкү дүйнөдө Борбор Азиянын маанилүүлүгү боюнча кандай өзгөрмөлөр жана көрсөткүчтөр бар?
- Биз Борбордук Азияны картадан караганда алгач кургактык менен курчалган жана негизги эл аралык окуялардан алыс тургандай аймакты көрөбүз. Эгер СССР убагында ушундай болгон болсо жана убактылуу эл аралык окуялардан алыс болсо, бул аймак бир аз унутулуп калган болот эле деп айтууга болот. Бирок, узак мөөнөттүү мезгил ичиндеги Борбордук Азияга көз чаптыра турган болсок, тарыхтын жүрүшүндө негизги маанилүү окуялардын чордонундагы жана дайым улуу күчтөрдүн көңүлүн бурган аймак катары билебиз. Ошондой эле азыркы учурда дагы саясий, соода жана маданий жактан чоң күчтөрдүн көңүлүн буруп келет. Андан тышкары Борбордук Азия саясий жактан дайыма экономикалык иштин борбору болуп келген. Ал эми Улуу жибек жолу андагы көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Борбордук Азия, ошондой эле көптөгөн маданияттардын бешиги болгон жана дүйнөгө зор кызмат кылган белгилүү илимпоздор ушул аймактан өсүп чыгышкан. Бүгүнкү күндө да анын маанилүүлүгү сакталып калгандыгы, ал тургай Борбордук Азиядагы маанилүүлүгү күндөн-күнгө өсүп жаткандыгы көрүнүп турат. Ошону менен бирге Борбордук Азиядагы тышкы өлкөлөргө көңүл бурсак, Кытай, Орусия жана ал эле эмес Ооганстан дагы аймактык окуяларда түздөн-түз же кыйыр түрдө таасир бергенин байкай алабыз.
- Борбордук Азия Иран Ислам Республикасы үчүн дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан күчтөр менен мамилелерин салмактоодо кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере алды?
- Менин оюмча Иран менен Борбордук Азиянын мамилесин бул жагынан алып кароого жана чоң күчтөр менен мамиле түзүүдө колдонууга болбойт. Борбор Азия менен Ирандын мамилелеринде оригиналдуулук, чындык жана келечек бар жана бул мамилени башка өлкөлөр же күчтөр менен болгон мамилелерге теңдештирип салыштырууга болбойт.
Ирандын кызыкчылыктары толугу менен табигый. Саясий, экономикалык, маданият, цивилизация, ал тургай коопсуздук байланыш жактан караганда Ирандын максаты чоң күчтөр менен мамилелерин салмактап алуу эмес. Бул мамилеге Иран дагы жана Борбор Азия мамлекеттери дагы муктаж.
- Казакстандын Борбордук Азияда, аймакта жана дүйнөдөгү мааниси кандай? Бул өлкө менен Иран Ислам Республикасынын мамилелеринин өнүгүшү үчүн эмнелерге маани берүү керек?

- Казакстан географиялык жайгашуусу, ири жаратылыш ресурстары, өнүккөн экономикасы жана жогорку жөндөмдүүлүгү менен аймактагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Саясий туруктуулук орун алгандан улам ал акыркы 25 жылда экономикалык өнүгүү боюнча алгылыктуу даражага жетишип, бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы ИДПнын 80 пайызын өндүрүүгө жетишип отурат.
Саясий жактан алып караганда Казакстан салмактуу тышкы саясаты менен кошуна, аймактагы өлкөлөр менен жана дүйнөнүн улуу күчтөрү менен жакшы мамиле түзүүгө жетишти. Ошентип, 2017-жылдан бери Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп саналат. Ошондой эле бул мамлекет эл аралык саясий, коопсуздук, экономикалык, диний жана маданий жыйындарды өткөрүүдө. Алардын ичинен белгилей кетсек, жакында эле Астана шаарында Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрү жана ИКУнун саммити өттү.
Башка жагынан алганда, Казакстан аймактын каржы борбору болуу максатында мыйзам-эрежелердин жана атайын жоболордун негизинде Астанада эл аралык каржы борборун, Алматыда ислам каржы борборун түздү. Мунун баары Казакстандын аймактагы башкы ролун аныктайт. Бул жагынан алып караганда Казакстан Ирандын көп көңүлүн бурат. Биринчиден, Иран үчүн товар экспорттоого жана инженердик-техникалык кызматтарды көрсөтүүсү үчүн чоң рынок болуп эсептелет. Экинчиден, Казакстан Иран транзити аркылуу Тегеран жана дүйнө базарына жетүүгө кызыкдар. Аны менен бирге акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы байланыш жана транспорт тармактары кошулганын айта кетсек болот. Азыркы учурда эки өлкөнүн ортосунда темир жол, деңиз жана аба каттамдары жигердүү иш алып барууда. Дагы белгилей кетүүчү нерсе, аймактык жана эл аралык маселелерде эки өлкө ортосун жакындаштыруу үчүн көптөгөн жолдор жана эл аралык, аймактык уюмдарда абдан жакшы кызматташтыктар көрүнүп турат.
- Саясий кабылдоолор жана статистикага ылайык, он биринчи бийлик учурунда Иран менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелер күтүлгөндой жакшы болгон жок. Сиз эксперт катары Иран менен Борбордук Азиянын мамилелерин өнүктүрүүдө кандай программа сунуштай аласыз?
- Мен да сиздин пикириңизге кошулам. Мамилелердин учурдагы деңгээли күткөндөгүдөй эмес. Азыркы учурдагы дараметке караганда Иран менен Борбордук Азиянын мамилелери азыркы деңгээлинен бир кыйла жогору болууга тийиш эле. Бирок, белгилүү бир убакыт ичиндеги аймак менен Ирандын мамилелеринде белгилей кетчү нерселер бар. Адатта эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге улуттук, аймактык жана эл аралык себептер таасир этет. Ал эми он биринчи өкмөт учурундагы Иран менен Борбордук Азиянын, өзгөчө Казакстандын мамилеси мурунку мамиленин уландысы болгон. Мүмкүн кээ бир учурларда ар кандай көйгөйлөр болгон болушу мүмкүн.
Бирок, жалпы мамиле жана эки тараптын бийлик өкүлдөрүнун иш сапарлары, өзгөчө Казакстан менен экономикалык алмашуулардын көлөмүнүн өсүп жаткандыгы мамилелердин өсүп жаткандыгын көрсөтүп турат. Ошондуктан он биринчи бийликтин башталышынан бери Иран менен аймактын ортосунда саясий жана экономикалык карым-катнаштарда өсүү бар деп айтсак болот. Он биринчи бийликтин башынан бери алганда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Иранга болгон үч расмий иш сапары жана биздин президентибиз Хасан Руханинин Астанага болгон үч сапары, тактап айтканда 4 жылдын ичинде ишке ашкан 6 расмий эки тараптуу иш сапар, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абдан маанилүү экенин жана келечегин көрсөтүп турат.
Жалпысынан менин баам боюнча, он биринчи өкмөттүн тушундагы Иран менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер абдан жакшы болду жана абдан ачык айкын жаркын келечекти көрүүгө болот.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий