• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялар менен Меморандумга кол койду

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Кечээ, 4-сентябрда, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын ортосунда Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Кол коюуга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, БШК тарабынан талапкерлеринин тизмеси катталган 13 саясий партиянын жетекчилери, шайлоо комиссияларынын, өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык активисттер катышты. Меморандум “Демократия үчүн Вестминстер фонду”, БУУнун өнүктүрүү программасы жана “Жарандык платформа” КФнун техникалык колдоосу менен иштелип чыккан.

КР БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, таза жана акыйкат шайлоону камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары болуп саналат, бирок буга жалгыз же өзүнчө гана жетишүүгө болбойт.

«Меморандум, мыйзамдын ченемдерин толуктаган саясий күрөштүн алгылыктуу ыкмаларын, өнөктүктүн эрежелерин аныктоого арналган саясий партиялардын "мырзалардын келишими" деп аталган жүрүм-турум Кодекси катары кызмат аткарат. Кол коюунун максаты - саясий партияларга оюндун кабыл алынган эрежелери боюнча бир пикирге келүүгө жардам берүү жана шайлоо процессине ишенимди жогорулатуу. Бул Меморандумдун жаңылыгы болуп талапкерлердин социалдык тармактардагы жүрүм-турумун ыктыярдуу жөнгө салуу», - деди ал.

БУУнун өнүктүрүү программасынын шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилованын айтымында, саясий партиялардын ортосундагы Меморандумга кол коюусу, демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарга жана эл аралык алдыңкы тажрыйбага ылайык өтүшүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат.

"Бардык саясий партиялар Меморандумдун шарттарын кабыл алгандыгы жана анын жоболорун колдогондугу – саясий маданияттын жана шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жаңы стандарттарынын, айрыкча социалдык тармактарда өнүгүп жаткандыгын күбөлөндүрөт" - деди ал.

«Меморандум - бул келишим, анын катышуучулары мыйзамдын чегинде гана иш алып барууга, жек көрүү сөздөрүн колдонбоого, зомбулук, кастык жана кадыр-баркка шек келтирүү коркунучтарын камтыган материалдарды таратпоого жана башка эрежелерин кабыл алууга милдеттенишет. Меморандумга кол коюу демократиялык принциптерге негизделген таза шайлоону өткөрүүгө жардам берет”, - деди Демократия үчүн Вестминстер фондунун Кыргызстандагы өкүлү Айгүл Байбураева.

Партиялар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын так сактоого, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулук жана өз ара урматтоо, жарандардын кызыкчылыктарынын жана укуктарынын артыкчылыгы, мыйзамдын үстөмдүгү принциптери боюнча жүргүзүүгө милдеттеништи.

Документке кол коюу менен, тараптар саясий оппоненттер менен болгон талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде ачык, коомдук талкууда чечүүгө, шайлоо процессинде этикалык жана адеп-ахлактык ченемдерди сактоого, бири-бирине карата ыплас технологияларды колдонбостон, шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген үгүт иштерин жүргүзүүгө, үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин сактоого даяр экендигин тастыкташты.

Меморандумда социалдык медиадагы саясий жарнама үчүн партиянын шайлоо фондунан төлөөгө жана мындай жарнакты шайлоо өнөктүгүн каржылоонун отчетторунда көрсөтүү жана социалдык медиага саясий жарнактарды жайгаштыруу үчүн жалган адамдарды колдонбоо талаптары камтылган.

Партиялар, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, алардын жана алардын өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, партия мүчөлөрүнүн, агитаторлордун, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун жокко чыгарууга макул болушту жана добуштарды сатып алууга бардык жолдор менен каршы күрөшүү боюнча макулдугун билдиришти.

Партиялардын ортосунда жарандардын эркин билдирүү эркиндигине, добуш берүү жана добуштарды саноо процессине туура эмес таасир этүү аракеттеринен баш тартуу жана добуш берүүнүн купуялуулугун бузбоо жөнүндө макулдашуу түзүлдү.

Кечээ, 4-сентябрда үгүт өнөктүгү башталды, ал 2020-жылдын 3-октябрында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий