• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Борборшайлооком аймактарда жумушчу жыйындарды өткөрүүдө

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 25.08.17 /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова 25-августта Талас облусунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын активи менен жолугушту. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жыйындын катышуучуларына 15-октябрдагы Президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү, шайлоо процессинин негизги этаптары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле шайлоону камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык, шайлоочулардын тизмесин тактоо, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө автоматтык саноо түзмөктөрүн (АСУ) үйрөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттери жөнүндө маселелер талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө алдыдагы шайлоодо добуш берүүгө укугу бар КР жарандарына маалыматтык жана методикалык жактан колдоо көрсөтүүнү күчөтүү жөнүндө айтылды. Облустун ар бир шайлоочусу шайлоо процессинин бардык этаптары, биометрикалык маалыматтар боюнча идентификациядан өтүүнүн жаңы системасы, “Өзүңдү шайлоочулардын тизмесинен текшер!” аттуу Улуттук маалыматтык кампаниянын алкагында өзүнүн маалыматтарын текшерүү жол-жобосу тууралуу оперативдүү маалымат алганга мүмкүнчүлүк түзүү зарылдыгын белгиледи.
Негизги басым ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүүгө жасалды. КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга камкор мамиле жасоонун маанисин белгилеп, 15-октябрда өтүүчү шайлоого катышуусуна кошунага көмөк көрсөткөн, “Кошунаңды ээрчите кел” деген акция тууралуу баяндап берди.
“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо АШК жана УШКнын бардык кызматкерлери менен адистери аракеттеги мыйзамдын бардык нормалары менен талаптарын аткарууну камсыз кылып, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү керек,” - деп белгиледи Н.Шайлдабекова.
Жыйынга шайлоону өткөрүүдө уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууга максималдуу жардам көрсөтө турган Талас облусунун жана райондорунун мамлекеттик администрацияларынын, облустук, райондук укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий