• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борченов, Байсариев, Осмоновдун тойлорду документи жок алып баргандыгы аныкталды. Рейд уланууда

Коом 0

Бишкек, 26.09.17. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) Бишкектин аймагында жайгашкан кафе-ресторандарда эреже бузуу менен иштеп жүргөн тамада жана сүрөтчүлөрдү текшерүүдө. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын жүргүзүлгөн рейд учурунда калаадагы ресторандардын биринде сүрөт тартуу кызматын көрсөткөн жеке ишкер К.Майназаровдун жанында патенти болбогондугу аныкталган. Ошондой эле сүрөт тартуу кызматын көрсөткөн “Криет услуг” компаниясынын жана жеке ишкер Б.Байсариевдин тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

Салыкчалыр “Салкын төр” ресторанын текшергенде ал жакта тамадалык кылган М.Осмоновдун жана сүрөт тартуу кызматын көрсөткөн жеке ишкер Ж.Эсенбековдун ыктыярдуу патенти болгон эмес.

Ушундай эле абал “Соң-Көл” ресторанында да катталган. Той алып барып жаткан тамада У.Борченовдун да ыктыярдуу патенти жок экени аныкталган. Андан сырткары ошол эле эс алуу жайында сүрөткө тартып жүргөн жеке ишкер Э.Жунусовдун дагы патенти болгон эмес.

Эске сала кетсек, тойлордо жана башка салтанаттарда кызмат көрсөтүү боюнча (музыканттар, тамадалар, бий жана актерлордун топтору жана башка кызмат көрсөтүүлөр) салыктын көлөмү ай сайын 500 сомдон 2,5 миң сомго чейин жетет.

8 ай ичинде дал ушундай кызмат көрсөтүү боюнча бюджетке болгону 665,4 миң сом түшкөн.

Салык кызматынан билдиришкендей, рейд жүргүзүү иштери уланат.

Пикир

Оставить комментарий