• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Борис Жонсон: 31-октябрда Евробиримдиктен чыгабыз

Дүйнө 0

Бишкек, 27.08.29. /Кабар/. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 31-октябрга чейин Европа Биримдиги менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Жонсондун ырасташынча, эгер бул күнгө чейин Брекзит боюнча келишимге келе алышпаса, Улуу Британия биримдиктен эч кандай шартсыз эле чыгат.

Эки тарап тең эпке келүүнү каалабай турган учурда Жонсон 68 күн ичинде жаңы келишим керек экенине ынандырышы зарыл.

Reuters кабарчысынын чындап эле 31-августка чейин ЕБ менен сүйлөшүүлөргө даярсызбы деген суроосуна ал: “ЕБ жаңы келишимге эң акыркы мөөнөттө макул болууга ниеттенип жатат го” деп жооп берди.

Буга чейинки Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте Брекзит келишимине байланыштуу бир канча жолу колдоо таба албай, ушул жылдын июнь айында кызматтан расмий кеткен.

Пикир

Оставить комментарий