• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Борис Жонсон COVID-19дан айыгып, жумушка чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирустан айыгып, дүйшөмбү күнү жумушка чыкты. Ал апрелдин башында ооруканага жеткирилип, үч күн интенсивдүү терапия палатасында жаткан.

27-апрелде эртең менен билдирүү тараткан премьер-министр өлкө оору кеңири жайылган учурду баштан кечиргенин, илдетке кабылгандар азая баштаганын белгиледи. Ошол эле учурда карантинди алууга эрте экенин айтты.

Борис Жонсон коронавируска байланыштуу жагдайды өлкө үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштан берки «эң опурталдуу чакырык» деп баалады.

Акыркы маалыматтар боюнча Британияда 152 миңден ашык киши коронавирус жуктурганы аныкталды. Алардын ичинен 21 миңге жакын бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий