• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронбаева: Саламаттык сактоо уюмдарына бир айга 231,6 миң коргоочу костюм керектелет

Ден соолук 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо уюмдарына бир айга 231,6 миң коргоочу костюм керектелет. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо уюмдарындагы калдыктарды эске алганда дагы кошумча 184,7 миң бир жолку коргоочу костюм, 128 миң респиратор керек болот. Ал эми бир жолку колдонулуучу беткаптар жетиштүү санда.

"Бүгүнкү күндө бейтаптар жана байланышта болгон адамдар менен иштеп жаткан саламаттык сактоо уюмдары үчүн бир айга 72 546 бир жолку колдонулуучу костюмдар жана 70 миң респиратор керектелет, алардын ичинен FFP3 жана FFP2 даражасы жогорулатылган коргоо респираторлорунан 32 400 даана болушу керек", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий