• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: 20-марттан тартып чартердик каттамдар аркылуу 5 миңге жакын жаран алынып келди

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Кыргызстанга 20-марттан тартып чартердик рейстер аркылуу сырттан 4 миң 769 кыргызстандык жаран алынып келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алынып келинген жарандардын бардыгы обсервацияга жаткырылган.

Боронов кошумчалагандай, чет өлкөдөгү кыргыз жарандарын алып келүү боюнча иштер уланууда. Анын билдирүүсүндө, Түркиядан дагы 360, Дубайдан 300 жаран алынып келинет.

"Кыргызстандан россиялык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн атайын каттам уюштуруу маселеси иштелүүдө. Андан пайдаланып, Новосибирсктен биздин мекендештердин бир бөлүгү кайтарылат", - дейт ал.

Бирок азырынча аталган рейстин так датасы белгисиз, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Тышта жүргөн бардык жарандарыбыз боюнча так маалыматтарыбыз бар, элчиликтер иштеп жатат. Болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Ошондуктан азырынча келбей, эпидемиянын курч мезгили өтүп кеткенче карантинде туруп туруу керек. Аэропорттор иштегенче баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам", - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий