• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов: 221,5 млн сомго сасык тумоого каршы 700 миң вакцина сатып алынууда

Ден соолук 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Күз мезгилине карата 221,5 млн сомго сасык тумоого каршы 700 миң вакцина сатып алынууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аярлуу катмарлары жана дарыгерлер эмделет.

"Аталган каражатка сасык тумоого каршы 700 миң вакцина менен бирге 20 пневмококктун вакцинасы сатылып алынат. 700 миң вакцинанын биринчи партиясы 15-сентябрда келет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий