• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов АӨБ өкүлдөрү менен Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорун талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 27 июлда, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДэйган менен жолукту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кэндис МакДэйганга республиканын энергетикалык тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Азыркы тапта Азия өнүктүрүү банкы энергетикалык тармактагы жалпы суммасы 320 млн АКШ долларын түзгөн төрт ири долбоорду каржылоодо. Алардын эң маанилүүсүнүн бири токтогул ГЭСин реабилитация долбоору болуп эсептелинет. Токтогул ГЭСинин реконструкциялоодогу экинчи жана үчүнчү фазасында 100 млн АКШ долларынын тегерегинде каражат үнөмдөөгө мүмкүн болду, аны энергетика тармагындагы адистер Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого багыттоону сунушташууда», - деп белгиледи Кубатбек Боронов

Кэндис МакДэйган Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар мындан аркы конструктивдүү кызматташууга өз ара даярдыктарын билдиришти.

Маалымат иретинде: Үч-Коргон ГЭСи - 1962-жылы ишке берилген Нарын дарыясындагы алгачкы гидроэлектростанциялардын бири

Пикир

Оставить комментарий